Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин отурумунун жыйыны өтүп, анда биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды

поделиться в социальных сетях

Эксперттер айыл-чарбасына, токойлорго чоң коркунуч туудурган бактериялык күйүк сыяктуу зыяндуу организмдер көзөмөлсүз кирип жатканын айтышты. Депутат Динара Ашимова чет мамлекеттен кирип жаткан азык-түлүк продукцияларынын курамында ГМОнун өлчөмү кантип текшерилет деген суроо койду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, алар рыноктогу бардык тамак-ашты текшере албайт. Дагы бир себеби чек арада Кыргызстан тараптан фито-санитардык көзөмөлдөө алынган дешет адистер. Мындан улам депутат импорттук продукцияны тескөө так белгиленген эмес деген жыйынтыкка келди. Аны менен катар өлкө ичинде өндүрүлүп жаткан продукцияларда да проблема бар. “Мал чарбасында, мөмө-жемиш өндүрүүдө химиялык заттарды чен-өлчөмсүз жана көзөмөлсүз колдонуу менен келечек муундун генофондуна өтө чоң сокку урулуп жатат. Алардын келечегине жоопкерсиздик мамиле кылып жатабыз. Учурунда ойлонбой, Бишкекке да чоң ышты алып келип алдык. Эми азыр ишти колго алуу керек”,- деди депутат Динара Ашимова.

Источник: nazarnews.org

СОВЕТУЕМ ПОСМОТРЕТЬ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *