Кыргыз туусу менен «күн караманын» кандай айырмасы бар?

поделиться в социальных сетях

Эмилбек Каптагаев президенттик администрациянын экс башчысы: «Муну демилге кылгандар тарабынан “силер жакта күн карама өсөбү?” деп сурап койгон үчүн бул маселе көтөрүлүп баштады. Ошону мынчалыка жеткирбей эле түшүндүрүп, чечип койсо болот эле. Эгемендүүлүктө туунун мааниси, баалуулугу, дөөлөтү жана сыйкыры жатат. Тууга болгон мамиле дүйнө жүзүндө калыптанган нерсе. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал учурунда аскер бөлүкчөсү тууну коргой албай калса, анда таркатылат. Ал эми кайсы бир согушта 10-15 миң аскерден 50-60 аскер калып, ошол жерден туусун көтөрүп аман чыкса, ошол аскер бөлүкчөсү толукталып чыгат. Борбордук аянтта Улуттук гвардиянын аскерлери тууну кайтарып турат. Бул аны бирөөлөр уурдап кетет деген маааниге жатпайт. Өлкөнүн мамлекетүүлүк символуна карата сый-урматты түшүндүрөт. 1991-жылы эгемендүүлүктү алып, аны менен катар мамлекеттик символдорду кабылдап, бири-бири менен ажырагыс кылып койгонбуз. Мына ушул нерсеге жоопкерчиликсиз карап, өкмөттөгүлөр түшүнгүсү келбей жатат. Азыркы коомдо болуп жаткан нерселер “тууну бир чүпүрөк сыяктуу эле алмаштырып койсо болот” деген түшүнүктү салып коюп жатат. А өздөрү сунуштаган нерсе «күн карама» дегенден да жаман салыштыруулар менен коомдо сындалып жатат. “Туулбай жатып тунду” дегендей эле болуп калды. Бул тууну кандай кылып кабыл алса да келечеги жок бойдон калат».

Источник: nazarnews.org

СОВЕТУЕМ ПОСМОТРЕТЬ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *